Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы

Итоги переговоров пограничных представителей Кыргызстана и Таджикистана
10.03.2022
Повторный инцидент на границе с Таджикистаном
11.03.2022

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 10-марты Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Паскы-Арык жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Согдий багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү болуп өткөндүгүн маалымдайт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:

-ар бир тарап 2022-жылдын 10-мартында курал колдонуу менен орун алган чыр-чатакты өзүнчө териштирүү жүргүзүп, териштирүүнүн алдын ала жыйынтыгын 2022-жылдын 12-мартына пландаштырылган Эки тараптын чек ара ведомство жетекчилерине жеткирилет;

-эки тарап тең чектеш жайгашкан айылдардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантат.

Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын губернаторлору бүгүнтөн баштап чыр-чатактарды болтурбоо жана аларды алдын алуу боюнча керектүү  чараларды көрүп башташат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде өзүн өзү алып жүрүү эрежелерин сактоо боюнча суроолор көтөрүлдү.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерге тартылган кошумча күч, каражаттарды жана техникаларды туруктуу жайына жайгаштырууну келишишти.

Саат 16.00 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Комментарии закрыты.