Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Кара-Багыш-автожол” жана “Бек-Абад-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайлары (КӨЖ) кайрадан иштей баштады

Пограничники задержали золотые изделия без декларации
01.09.2023
Кыргызстан жана Өзбекстан чек арада шарт түзүшүүдө
08.09.2023

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 01-сентябрында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Кара-Багыш-автожол” жана “Бек-Абад-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайлары (КӨЖ) кайрадан иштей баштагандыгын маалымдайт.

“Кара-Багыш-автожол” КӨЖ Ош облусунун Араван районунда жайгашкан.

“Кара-Багыш-автожол” КӨЖ эки тараптуу өткөрүү жайы макамына ээ, ал аркылуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары гана транспорт каражатын пайдаланбай,  жүксүз, товарсыз (жеке колдонула турчу товарлардан тышкары) жана жаныбарларсыз жөө басып чек араны кесип өтө алышат.   

“Бек-Абад-автожол” өткөрүү жайы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан.

“Бек-Абад-автожол” КӨЖ көп тараптуу өткөрүү жайы.

Өткөрүү жайынан Кыргызстандын, Өзбекстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, ошондой эле жеке пайдаланыла турчу товарларды эске албаганда кайсы мамлекетке тийиштиги бар экендигине карабастан жүк, товар жана жаныбарлары жок жеңил транспорт каражаттары чек араны кесип өтө алышат.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү ортосунда жетишилген макулдашуулардан кийин бул өткөрүү жайлары кайрадан   иштей баштагандыгын Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы эскертет.

Два КПП на границе с Узбекистаном возобновили функционирование

С 01 сентября 2023 года возобновлено функционирование контрольно-пропускных пунктов (КПП) «Кара-Багыш-автодорожный» и «Бек-Абад-автодорожный»,  расположенных на кыргызско-узбекском участке государственной границы.

Пункт пропуска «Кара-Багыш-автодорожный» расположен в Араванском районе Ошской области.

КПП «Кара-Багыш-автодорожный» имеет статус двухстороннего пункта пропуска, его могут пересекать только граждане Кыргызстана и Узбекистана и только в пешем порядке без перемещения (использования) транспортных средств, а также без грузов, товаров и животных, за исключением товаров личного пользования.

Пункт пропуска «Бек-Абад-автодорожный» расположен в Сузакском районе Джалал-Абадской области.

КПП «Бек-Абад-автодорожный» является многосторонним пунктом пропуска.

Пункт пропуска могут пересекать как граждане Кыргызстана, Узбекистана, так и третьих стран, а также легковые автотранспортные средства независимо от их государственной принадлежности, без перемещения грузов, товаров и животных, за исключением товаров личного пользования.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики напоминает, что данные пункты пропуска возобновили функционирование после достигнутых соглашений между правительствами Кыргызстана и Узбекистана.

Комментарии закрыты.