Кыргызстан жана Өзбекстан чек арада шарт түзүшүүдө

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Кара-Багыш-автожол” жана “Бек-Абад-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайлары (КӨЖ) кайрадан иштей баштады
01.09.2023
Чүй облусунда чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды
12.09.2023

2023-жылдын 08-сентябрында кыргыз-өзбек  мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан Ош облусундагы “Достук-автожол” жана Баткен облусундагы “Кайтпас-автожол” өткөрүү жайларында ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү.

Медиа-турдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө ар тараптуу иштер жүргүзүлүп, чек арага канатташ жерлерде сооданын көлөмүн көтөрүүгө,  ошондой эле Кыргызстандын  жана аны менен чектеш мамлекеттердин туристтик жана транзиттик дараметин  жогорулатууга багытталган стратегиялык маселелер чечилип жаткандыгы белгиленди.

Дал ушул Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан эки өткөрүү жайларынын  — Ош облусунун Араван районундагы эки тараптуу ”Кара-Багыш-автожол” КӨЖ жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы  көп тараптуу “Бек-Абад-автожол” өткөрүү жайынын кайрадан иштеп баштоолоруна макулдашууга жетишишкен.

Мындан тышкары 2006-жылдын октябрында кол коюлган жарандардын өз ара каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга тиешелүү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилген жана 2023-жылдын 01-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын  жарандары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын жалпы  жарандык (чет элдик) паспорт менен катар эле  ID-карталар менен да кесип өтүүгө мүмкүн болду.

Пресс-турдун жүрүшүндө 01-сентябрдан баштап “Достук-автожол” жана “Кайтпас-автожол” өткөрүү жайларында жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөндүгү белгиленди. Алсак, Ош облусундагы көп тараптуу “Достук-автожол” өткөрүү жайынан бир сутка аралыгында 17 000ден ашуун адам, 300дөн ашуун жүк жана жеңил транспорттук каражаттары өтөт; Баткен облусундагы эки тараптуу “Кайтпас-автожол” өткөрүү жайы 2000 адамды өткөрүүгө ылайыкталганы менен, чындыгында күн сайын бул жактан 5000ден ашык адам, 500дөн ашуун жеңил автоунаа өткөрүлөт.  

Кыргыз Республикасынын мамлекттик чек арасын кесип өтүүгө шарттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар мындан ары да улана бермекчи.

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

8 сентября 2023 г. для представителей СМИ были проведены пресс-туры на пункты пропуска, расположенные на кыргызско-узбекском участке государственной границы,  «Достук-автодорожный» в Ошской области и «Кайтпас-автодорожный» в Баткенской области.

В ходе медиа-туров было отмечено, что руководством Кыргызской Республики  проводится всесторонняя работа по созданию благоприятных условий для граждан, пересекающих государственную границу, решаются стратегические задачи, направленные на наращивание объемов приграничной торговли, а также туристического и транзитного потенциалов Кыргызстана и сопредельных с ним государств.

Именно после переговоров между правительствами Кыргызстана и Узбекистана было достигнуто соглашение о возобновлении функционирования двух пунктов пропуска, расположенных на кыргызско-узбекском участке государственной границы — двустороннего КПП «Кара-Багыш-автодорожный», расположенного в Араванском районе Ошской области, и многостороннего пункта пропуска «Бек-Абад-автодорожный» в Сузакском районе Джалал-Абадской области.

Кроме того, соответствующие изменения и дополнения были внесены в межправительственное соглашение о взаимных поездках граждан, подписанное в октябре 2006 года, и с 01 сентября 2023 г. граждане Кыргызской Республики и Республики Узбекистан могут пересекать кыргызско-узбекскую государственную границу по ID-картам наряду с общегражданским паспортом (загранпаспортом).

В ходе пресс-тура было отмечено увеличение пассажиропотока с 01 сентября в пунктах пропуска «Достук-автодорожный» и «Кайтпас-автодорожный».

Так, ежесуточно многосторонний пункт пропуска «Достук-автодорожный» в Ошской области пересекают более 17 000 человек, свыше 300 грузовых и легковых транспортных средств; двусторонний пункт пропуска «Кайтпас-автодорожный» в Баткенской области при пропускной способности до 2000 человек в действительности ежедневно пропускает более 5000 человек, свыше 500 легковых автомашин.

Мероприятия по улучшению условий пересечения государственной границы Кыргызской Республики будут продолжены.

default

Комментарии закрыты.