Нарын облусунда чек арачылар жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктү алып өтүүгө аракет кылган аткезчини кармашты

Жылкылардын жана бодо малдын үйүрү Казакстанга жакын чек арада кармалды
19.09.2023
Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө чек арачылар бөгөт коюшту
26.09.2023

2023-жылдын 19-сентябрында Нарын облусунда чек арачылар жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган адамды кармашты.

Болжол менен саат 22.30да Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын “Муз-Төр” чек ара постуна ВАЗ-2121 «Нива» маркасындагы автоунаа келген.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кезмети белгисиз өсүмдүктүн тамырлары салынган 3 капты табышкан, алардын жалпы салмагы 53 кг 400 г. болгон.

Кийинчерээк, автоунаанын айдоочусу – Кыргыз Республикасынын  жараны Ж.Ж., Кыргызстандын аймагында казууга жана мыйзамсыз жыйноого катуу тыюу салынган эндик (Арнебия) өсүмдүгүнүн тамырларын чек ара посту аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран Ж.Ж. жана эндиктин тамырлары салынган каптар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндө Кодексинин 264-беренесине ылайык Ж.Ж. аттуу жаран  жапайы өсүмдүктөрдүн сырьесун же алардын бөлүгүн  сатып алуунун жана сатуунун тартибин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке жана айып пул төлөөгө тартылган.

Эндик өсүмдүгү жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөрдүн түрүнө кирет. Эндик Азия жана Түндүк Африкада өскөн дарылык касиети бар чөп (Boraginaceae тукуму), жалбырактары кезектешкен түрдө өсүп, жашына жараша сары же кызгылт көк гүл ачкан өсүмдүк болуп саналат.

Тамырдын курамында шиконин аталган биологиялык зат бар.

***** ***** ***** ***** *****

19 сентября 2023 г. в Нарынской области пограничники задержали контрабандный груз – корни растения, находящегося под угрозой исчезновения.

Примерно в 22:30 на пограничный пост «Муз-Тор» управления Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики по Нарынской области прибыла автомашина марки ВАЗ-2121 «Нива».

В ходе досмотра транспортного средства пограничный наряд обнаружил 3 мешка корней неизвестного растения, общий вес которых составил 53 кг 400 гр.

Позднее было установлено, что водитель автомашины – гражданин Кыргызской Республики Ж.Ж. пытался нелегально провезти через пограничный пост корни растения эндик (Арнебия), выкапывание и незаконный сбор которого на территории Кыргызстана строго запрещены.

Гражданин Ж.Ж. и мешки с корнями арнебии были переданы сотрудникам территориального подразделения министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора.

В соответствии со ст.264 Кодекса Кыргызской Республики «О правонарушениях» гражданин Ж.Ж. был привлечен к административной ответственности за нарушение порядка закупки и реализации сырья дикорастущих растений и (или) их части и продуктов и штрафу.

Растение эндик (арнебия) относится к исчезающим видам растений. Арнебия – лекарственное растение азиатских и северноафриканских трав (семейство Boraginaceae), имеющих чередующиеся листья и желтые или фиолетовые цветы, которые меняют цвет по возрасту. Корень содержит шиконин.

Комментарии закрыты.