Жылкылардын жана бодо малдын үйүрү Казакстанга жакын чек арада кармалды

Курман болгондорду эскерүү күнү
16.09.2023
Нарын облусунда чек арачылар жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктү алып өтүүгө аракет кылган аткезчини кармашты
20.09.2023

2023-жылдын 14-сентябрында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде Түп районунун Каркыра жергесинен чек арачылар жылкылардын жана бодо малдын үйүрү кыргыз-казак чек ара сызыгына жакын аймакта жайылып жүргөндүгүн аныкташкан.

Кароосуз калган 300 баш жылкы жана 95 ири мүйүздүү мал чек ара сызыгына жакын аймакта жайылып жүргөн.

КР УКМК ЧК Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары малдын ээлерин аныктоо үчүн иш-чараларды жүргүзүшүп, мал ээлери чек ара режимин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышкан. КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 429-беренесинин 1-пунктуна ылайык чек ара режимин бузгандар айып пул төлөштү.  

14-17-сентябрь мезгил аралыгында чек арачылар Түп районунун акими жана башка өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте  Ысык-Көл облусунун чек арага канатташ аймагындагы тургундар арасында  чек ара сферасындагы улуттук мыйзамдын беренелерин түшүндүрүү боюнча жыйын өткөрүштү.

Бодо мал жана майда жандыктар мамлекеттик чек арага жакын жерде кароосуз жайылып жүрүп, чек арадан өтүп кетсе аларды кайрып келүү үчүн өз алдынча мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандар кылмыш ишине  чейин жеткен жоопкерчиликке тартылышаарын  Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы кабарлайт. Ошондой эле мамлекеттик чек арада ар кандай түрдөгү маселелер жаралган жагдай түзүлсө аларды улуттук мыйзам чегинде чечүү үчүн жарандар КР УКМК ЧК жакынкы тарамдарына кайрылышы керектигин эскертет.

***** ***** ***** ***** *****

14 сентября 2023 г. на кыргызско-казахстанском участке государственной границы в местности Каркыра Тюпского района пограничники управления ПС ГКНБ КР по Иссык-Кульской области выявили табун лошадей и стадо крупно-рогатого скота, находившиеся вблизи линии кыргызско-казахстанской границы.

Оставленные без присмотра 300 лошадей и 95 голов крупно-рогатого скота выпасались без присмотра вблизи линии госграницы. Пограничники управления ПС ГКНБ КР по Иссык-Кульской области провели мероприятия по выявлению хозяев скота, которые за нарушение режима госграницы были привлечены к административной ответственности. В соответствии с п.1 ст.429 Кодекса КР «О правонарушениях» нарушители режима госграницы оплатили штрафы.

В период с 14 по 17 сентября пограничники совместно с акимом Тюпского района и другими представителями органов местного самоуправления провели собрания с жителями приграничных районов Иссык-Кульской области по разъяснению статей национального законодательства в пограничной сфере.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики уведомляет, что граждане, которые оставляют КРС/МРС без присмотра вблизи государственной границы, самовольно пересекают госграницу в ходе выпаса скота, будут привлекаться к ответственности вплоть до уголовной.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики также напоминает о том, что в случае возникновения различного рода проблем на государственной границе необходимо обратиться в ближайшее подразделение ПС ГКНБ КР для решения вопросов в рамках национального законодательства.

Комментарии закрыты.