«Достук-автожол» КӨЖда ири суммадагы валюта кармалды

Наблюдается скопление перед КПП на кыргызско-казахстанском участке ГГ
05.10.2023
Тажикстан менен чектешкен чек арада аткезчилик жүк кармалып, Өзбекстан менен чектешкен чек арада бодо малдын өтүшүнө бөгөт коюлду
17.10.2023

2023-жылдын 12-октябрында «Достук-автожол» өткөрүү жайынын чек арачылары ири суммадагы чет элдик валютаны — 108 800 АКШ долларын кармашты.
Болжол менен саат 09.00до өткөрүү жайына Кыргызстандан Өзбекстанга багыт алышкан 1967-ж.т. Р.К., жана 1991-ж.т. С.А., аттуу Кыргыз Республикасынын эки жараны келишкен.
Чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда С.А., аттуу жарандын жанынан ири суммадагы чет элдик валюта — 81 800 АКШ доллары табылган. Анын артынан өткөрүү жайына Р. К., аттуу жаран келип, анын кол жүгүнүнөн дагы 27 000 АКШ доллары табылган.
Эки аял тең бажы мыйзамын кайгып өтүп акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй алып өтүүгө аракет кылышкан.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар жана акча каражаттар андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы мындан ары да чек арадан акча каражатын мыйзамсыз алып өтүү аракеттерине кескин бөгөт коёт.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынан чет элдик валютаны накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салынган: резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында; Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында; Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери 10000ден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.

***** ***** ***** ***** *****

12 октября 2023 г., пограничники пункта пропуска «Достук-автодорожный» задержали крупную сумму иностранной валюты – 108 800 долларов США.

Примерно в 9:00 в пункт пропуска прибыли две гражданки Кыргызской Республики Р.К., 1967 г.р., и С.А., 1991 г.р., которые направлялись из Кыргызстана в Узбекистан.

Во время прохождения пограничного контроля у гражданки С.А. была выявлена крупная сумма иностранной валюты – 81 800 долларов США.

Следом за ней в пункт пропуска прибыла гражданка Р.К., в ручной клади которой были также выявлены 27 000 долларов США.

Обе женщины пытались вывезти валюту в обход таможенного законодательства, не декларируя денежные средства.

После оформления соответствующих документов задержанные и денежные средства были переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики будет и впредь жестко пресекать попытки незаконного провоза денежных средств через госграницу.

Напоминаем, что установлен временный запрет на вывоз из Кыргызской Республики наличной иностранной валюты: нерезидентам и иностранным гражданам в сумме более 5 000 (пять тысяч) наличных долларов США; резидентам и гражданам Кыргызской Республики в сумме более 10 000 (десять тысяч) наличных долларов США.

В случае вывоза резидентами и гражданами Кыргызской Республики наличных долларов США в сумме, превышающей 10 000 (десять тысяч) долларов США, взимается платеж в размере 10% от суммы, превышающей установленный лимит.

Комментарии закрыты.