Тажикстан менен чектешкен чек арада аткезчилик жүк кармалып, Өзбекстан менен чектешкен чек арада бодо малдын өтүшүнө бөгөт коюлду

«Достук-автожол» КӨЖда ири суммадагы валюта кармалды
12.10.2023
Алгачкы офицердик наамды ыйгаруу салтанаты
20.10.2023

2023-жылдын 16-октябрында чек арачылар мамлекеттик чек арадан аткезчилик жүктүн алып өтүү бир нече аракетине жана ири мүйүздүү малдын мыйзамсыз айдалып өтүшүнө бөгөт коюшкандыгын маалымдайт.

Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Сай жергесинде кызмат өтөө учурунда Opel Astra маркассындагы автоунаа менен уруксат берүүчү документтери жок Тажикстандан Кыргызстанга 150 кг жер жаңгак жана 95 кг көк чай алып чыгуга аракет кылган 1990-ж.т. К.У., аттуу  Кыргыз Республикасынын жаранын кармашкан.

Ошол эле күнү, 16-октябрда, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде Кушулук-Сай жергесинде Hyundai Starex маркасындагы автоунаа менен Кыргызстандан Тажикстанга болжол менен 1050 кг кумшекерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган 1996-ж.т. Т.Х., аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.

Кийинчерээк Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Mercedes-Benz маркасындагы эки автоунаа менен Тажикстанга 7 тоннадан ашык көмүрдү мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылышкан айдоочуларды кармашкан.  

Мамлекеттик чек аранын башка тилкесинде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары кызмат өтөө учурунда Кыргызстандан Өзбекстанга ири мүйүздүү малды айдап өтүп жаткан адамдардын тобун байкашкан.

Чек арачыларды көргөндө чек араны бузуучулар качып жөнөшкөн. Эскертүү иретинде атылган окко көңүл бурбай, чек араны бузгандар малды таштап салып качып жашынууга аракет кылышты.                            

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда кармалган аткезчилик жүктүн, ошондой эле ири мүйүздүү малдын баасы 500 000 сомдон ашкан.  

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар, ири мүйүздүү мал жана аткезчилик жүк мындан аркы териштирүү иштери үчүн  компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.       

***** ***** ***** ***** *****

16 октября 2023 г. пограничники пресекли несколько попыток незаконного провоза контрабандных грузов и нелегального перегона крупнорогатого скота через госграницу.

Во время несения службы в местности Сай пограничники Лейлекского пограничного отряда задержали гражданина Кыргызской Республики на автомобиле марки Opel Astra К.У., 1990 г.р., который без разрешительных документов пытался вывезти из Таджикистана в Кыргызстан 150 кг арахиса и 95 кг зеленого чая.

В этот же день, 16 октября, вблизи линии госграницы в местности Кушулук-Сай был задержан гражданин Кыргызской Республики Т.Х., 1996 г.р., который на автомобиле марки Hyundai Starex пытался нелегально перевезти из Кыргызстана в Таджикистан около 1050 кг сахара.

Чуть позднее пограничники Лейлекского пограничного отряда задержали два автомобиля марки Mercedes-Benz, водители которых пытались незаконно перевезти в Таджикистан свыше 7 тонн угля.

На другом участке госграницы в Ала-Букинском районе Джалал-Абадской области пограничники Ала-Букинского пограничного отряда во время несения службы обнаружили группу людей, перегонявших КРС из Кыргызстана в Узбекистан.

Увидев пограничников, нарушители границы пустились в бегство.

Игнорируя предупредительный выстрел, нарушители, бросив скотину, попытались скрыться.

По предварительным данным, общая стоимость задержанной контрабанды, а также крупнорогатого скота (КРС)  составила более 500 000 сомов.

После оформления соответствующих документов задержанные граждане, КРС и контрабандные грузы были переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.