«Ак-Тилек-автожол» КӨЖдагы абал

Алгачкы офицердик наамды ыйгаруу салтанаты
20.10.2023
Ири мүйүздүү малдын Өзбекстанга мыйзамсыз өтүшүнө бөгөт коюлду
24.10.2023

“Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынан жеңил автоунаалардан жана Кант цемент заводунун жүгүн ташыган жук ташуучу автоунаалардан тышкары Кыргызстандан Казакстанга өткөн суткада 297 жүк ташуучу транспорт каражаты өткөн.  

Анткен менен, өткөрүү жайларында өткөрүү жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча чаралар “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда көрүлгөнүнө карабастан  жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу байкалууда. 

Алсак, 2023-жылдын 23-октябрында саат 12:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖнын алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу каражаты кезекте турат.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш экендигин жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргыз Республикасынан көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин баса белгилейт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынана да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги  өткөрүү жайлардын бардыгы  штаттык режимде иштеп жатат.

*****    

За прошедшие сутки через пункт пропуска «Ак-Тилек-автодорожный» из Кыргызстана в Казахстан выехали 297 грузовых транспортных средств, не считая легковых автомобилей и грузовых автомашин с продукцией Кантского цементного завода.

Однако несмотря на предпринимаемые меры по повышению пропускной способности пунктов пропуска на КПП «Ак-Тилек-автодорожный» зафиксировано скопление грузовых транспортных средств.

Так, по состоянию на 12:00 23 октября 2023 г.» на выезд из Кыргызстана в очереди для прохождения пограничного контроля перед КПП «Ак-Тилек-автодорожный» находятся 410 грузовых автомашин.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики подчеркивает, что скопление грузовых транспортных средств в пункте пропуска является сезонным и связано с увеличением экспорта сельскохозяйственной продукции, товаров народного потребления из Кыргызской Республики.

Следует отметить, что как со стороны Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики, так и со стороны Пограничной службы КНБ Республики Казахстан ограничений для грузовых транспортных средств не имеется.

Все пункты пропуска через кыргызско-казахстанскую государственную границу функционируют в штатном режиме.

                                                                                                                                                                                                                                                                                         

Комментарии закрыты.