Ири мүйүздүү малдын Өзбекстанга мыйзамсыз өтүшүнө бөгөт коюлду

«Ак-Тилек-автожол» КӨЖдагы абал
23.10.2023
«Достук-автожол» КӨЖ жүктөрдү, адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү убактылуу токтотту
30.10.2023

Эки күн аралыгында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде ири мүйүздүү малдын Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө болгон бир нече  аракеттерге  бөгөт коюлду.

Жалпысынан алганда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары 53 баш ири мүйүздүү малды кармашкан.

2023-жылдын 23-октябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Там жергесинде кызмат өтөө учурунда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары 11 баш ири мүйүздүү малды Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган  Аксы районунун Согот айылынын тургуну болгон 1984-ж.т., И.С., аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын кармашкан.

Бүгүн болсо ушул эле жерде белгисиз төрт адам 42 баш бодо малды Кыргызстандан Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылышкан. Алардын бирөөсү кармалып, үчөө Кыргызстандын аймагына жашынып кетишкен.   

Кармалган адам 1985-ж.т.  А.Д., аттуу Кыргыз Республикасынын жараны болуп чыкты.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, кармалган бодо малдын жалпы суммасы 2 300 000 сомду түздү.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар бодо мал менен кошо андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

Только за два дня на кыргызско-узбекском участке госграницы были пресечены несколько попыток незаконного перегона крупнорогатого скота из Кыргызстана в Узбекистан.

В общей сложности пограничникам Ала-Букинсконо пограничного отряда удалось задержать 53 головы крупнорогатого скота (КРС).

Так 23 октября 2023 г. во время несения службы в местности Ак-Там Аксыйского района Джалал-Абадской области пограничники Ала-Букинского пограничного отряда задержали гражданина Кыргызской Республики И.С., 1984 г.р., жителя села Согот Ак-Сыйского района, при попытке нелегального перегона 11 голов КРС из Кыргызской Республики в Республику Узбекистан для дальнейшей реализации.

А сегодня в этой же местности четверо неизвестных попытались перегнать 42 головы КРС  из Кыргызстана в Узбекистан. Один из них был задержан,  трем нарушителям удалось скрыться на территории Кыргызстана. 

Задержанным оказался гражданин Кыргызской Республики А.Д., 1985 г.р.

По предварительным данным,  общая  стоимость задержанного крупнорогатого скота составила 2 300 000 сом. После оформления соответствующих документов  задержанные граждане вместе с КРС были переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.