Өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын топтолуусу

«Чалдыбар-автожол» КӨЖ адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотот.
20.11.2023
Тажикстан менен чектешкен чек арада 1,2 млн. сомдук аткезчилик жүк кармалды
20.11.2023

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу катталды.

2023-жылдын 20-ноябрында саат 11:00го карата “Акт-Тилек-автожол” КӨЖда   чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 500 жүк ташуучу унаа турат.

Өткөн суткада Кыргызстандан Казахстанга 280 автоунаа чыккан.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш экендигин жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргыз Республикасынан көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин баса белгилейт.

Жаныбарлар жана тез бузулуучу азык-түлүк менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынана да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги  өткөрүү жайлардын бардыгы  штаттык режимде иштеп жатат.      

***** ***** ***** ***** *****

В пункте пропуска «Ак-Тилек-автодорожный» на кыргызско-казахстанском участке государственной границы зафиксировано скопление транспортных средств и грузов.

По состоянию на 11:00 20 ноября 2023 г.  в очереди для прохождения пограничного контроля перед КПП «Ак-Тилек-автодорожный» находятся 500 грузовых автомашин.

За прошедшие сутки из Кыргызстана в Казахстан выехали 280 автомашин.

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики подчеркивает, что скопление грузовых транспортных средств в пункте пропуска является сезонным и связано с увеличением экспорта сельскохозяйственной продукции, товаров народного потребления из Кыргызской Республики.

При этом грузовые транспортные средства с животными и скоропортящейся продукцией пересекают пункт пропуска вне очереди.

Следует отметить, что как со стороны Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики, так и со стороны Пограничной службы КНБ Республики Казахстан ограничений для грузовых транспортных средств не имеется.

Все пункты пропуска через кыргызско-казахстанскую государственную границу функционируют в штатном режиме.

                                                                                                                                                                                                                                                                                       

Комментарии закрыты.