Тажикстан менен чектешкен чек арада 1,2 млн. сомдук аткезчилик жүк кармалды

Өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын топтолуусу
20.11.2023
21-ноябрга карата «Ак-Тилек-автожол» КӨЖдагы кырдаал
21.11.2023

2023-жылдын 20-ноябрында Баткен-Раззаков автожолунда Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын алдынан Баткен чек ара отрядынын чек арачылары 1992-ж.т. А. уулу С., аттуу Кыргызстандын жаранын кармашып, анын унаасында аткезчилик жүк табылды.

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаада көмүрдүн алдында абада электр линияларын тартууга багытталган 175 түрмөк электр чубалгалары катылган.

Электр зымдары Тажикстан Республикасында өндүрүлгөн.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, аткезчилик жүктүн баасы болжол менен 1 млн.200 миң сомду түзөт.

Кармалган жарандын айтуусунда, ал Кыргызстанга Тажикстандан кирген.

Тиешелүү документтер толтурулган соң мындан аркы териштирүү иштери үчүн кармалган жаран жана жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

20 ноября 2023 г. на автодороге Баткен-Раззаков перед селом Кызыл-Жол Баткенского района  Баткенской области пограничники Баткенского пограничного отряда задержали гражданина Кыргызстана А.у.С., 1992 г.р., в автомашине которого был  обнаружен контрабандный груз.

В автомашине марки Mercedes-Benz под углем были спрятаны 175 рулонов электропроводов,  предназначенных для прокладки воздушных электролиний.

Электропровода были произведены в Таджикистане.

По предварительным данным, общая стоимость контрабандного груза составила около 1 млн. 200 000 сомов.

Со слов задержанного,  он заехал в Кыргызстан из Таджикистана.

         После оформления соответствующих документов  задержанный и груз были переданы сотрудникам компетентных органов  для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.