Чек арачылар чек арадан акча каражатынын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюшту

21-ноябрга карата «Ак-Тилек-автожол» КӨЖдагы кырдаал
21.11.2023
Россиянын жараны валютаны мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылды
27.11.2023

2023-жылдын 22-ноябрында «Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары чек арадан акча каражатын мыйзамсыз алып өтүү фактысына бөгөт коюшту.  

Болжол менен саат 08.30да өткөрүү жайына 1981-ж.т. У.О., аттуу Россия Федерациясынын  жараны келген.  

Чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда ал жарандын жанынан чет элдик валютадагы акча каражаты табылган.  

Табылган каражаттын жалпы суммасы 10 200 АКШ долларды түзгөн.

Жогоруда аталган жаран валютаны бажы мыйзамын кайгып өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттар андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынан чет элдик валютаны накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салынган:   резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында; Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында.

Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери 10000ден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.

***** ****** ****** ****** ******

22 ноября 2023 г. пограничники контрольно-пропускного пункта «Достук-автодорожный» пресекли факт незаконного провоза денежных средств через границу.

Примерно в 08:30 в пункт пропуска «Достук-автодорожный» прибыл гражданин Российской Федерации У.О., 1981 г.р.

В ходе прохождения пограничного контроля у гражданина были обнаружены денежные средства в иностранной валюте.

Общая сумма задержанных средств составила 10 200 долларов США.

Вышеуказанный гражданин пытался провезти валюту в обход таможенного законодательства республики, не декларируя денежные средства.

После оформления соответствующих документов задержанный гражданин и денежные средства были переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Напоминаем, что установлен временный запрет на вывоз из Кыргызской Республики наличной иностранной валюты: нерезидентам и иностранным гражданам в сумме более 5 000 (пять тысяч) наличных долларов США; резидентам и гражданам Кыргызской Республики в сумме более 10 000 (десять тысяч) наличных долларов США.

В случае вывоза резидентами и гражданами Кыргызской Республики наличных долларов США в сумме, превышающей 10 000 (десять тысяч) долларов США, взимается платеж в размере 10% от суммы, превышающей установленный лимит.

Комментарии закрыты.