21-ноябрга карата «Ак-Тилек-автожол» КӨЖдагы кырдаал

Тажикстан менен чектешкен чек арада 1,2 млн. сомдук аткезчилик жүк кармалды
20.11.2023
Чек арачылар чек арадан акча каражатынын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюшту
22.11.2023

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

Жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда.

2023-жылдын 21-ноябрында саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда   чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 510 жүк ташуучу унаа турат.

Өткөн суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесин 555 транспорт каражаты кесип өткөн, анын ичинен Кыргызстандан Казахстанга 273 автоунаа чыгып, 282 унаа кирген.  

Белгилей кетсек, Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан  да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок.

***** ***** ***** ***** *****

Все пункты пропуска через кыргызско-казахстанскую государственную границу функционируют в штатном режиме.

В связи с увеличением грузопотока в пункте пропуска «Ак-Тилек-автодорожный» на кыргызско-казахстанском участке государственной границы наблюдается скопление транспортных средств и грузов.

По состоянию на 13:00 21 ноября 2023 г.  в очереди для прохождения пограничного контроля перед КПП «Ак-Тилек-автодорожный» находятся 510 грузовых автомашин.

За прошедшие сутки кыргызско-казахстанскую государственную границу пересекли 555 автотранспортных средств, из них из Кыргызстана в Казахстан выехали 273 автомашины, заехали – 282 автомашин.

Подчеркиваем, что со стороны Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики и со стороны Пограничной службы КНБ Республики Казахстан ограничений для грузовых транспортных средств не имеется.

Комментарии закрыты.