Баткен облусунда аткезчилик жүктүн өткөрүлүшүнө бөгөт коюлду

Коллективная безопасность: Кыргызстан- Россия
12.12.2023
Өзбекстан менен чектешкен чек арада 4 000 000 сомго бааланган ИМЖ жана жылкылар кармалды
19.12.2023

2023-жылдын 12-декабрында Баткен чек ара отрядынын чек арачылары УКМКнын жана КР ФМ алдындагы МБКнын аймактык тарамдарынын кызматкерлери менен биргеликте аткезичлик жүктүн мыйзамсыз алынып өтүү аракетине бөгөт коюшту.

Чек арачылар 1994-ж.т. Т.У. аттууКыргызстандын жаранын кармашып, анын Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасында 3 500 кг лимон табылган. Айдоочуда алып бараткан жүгүн коштоочу документтер болгон эмес. Кармалган жарандын сөзү боюнча ал жүк башка Кыргызстандын жаранына – Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын жергиликтүү тургунуна таандык болгон.  

Сурамжылоонун жүрүшүндө Тажикстан Республикасынан алынып чыккан аткезчилик жүктү Кыргызстандын аймагында сатуу пландаштырылгандыгы ачыкталган.

Кармалган аткезчилик жүктүн жалпы баасы болжол менен 700 000 сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчилик жүк андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.  

***** ***** ***** ***** *****

12 декабря 2023 г. пограничники Баткенского пограничного отряда совместно с сотрудниками территориальных подразделений ГКНБ и ГТС при МФ КР пресекли попытку незаконного провоза контрабандного груза. 

Пограничники задержали гражданина Кыргызстана  Т.У., 1994 г.р., у которого в автомашине марки Mercedes-Benz были обнаружены около 3 500 кг лимонов. У водителя отсутствовали сопроводительные документы на провозимый груз. Со слов задержанного, груз принадлежал другому гражданину Кыргызстана — уроженцу с. Жаны-Жер Лейлекского района Баткенской области.

В ходе опроса выяснилось, что контрабандный груз, вывезенный из Республики Таджикистан,  планировали реализовать на территории Кыргызстана.

Общая стоимость задержанного контрабандного груза составила около 700 000 сомов.

После оформления соответствующих документов контрабандный груз был передан сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.