Өзбекстан менен чектешкен чек арада 4 000 000 сомго бааланган ИМЖ жана жылкылар кармалды

Баткен облусунда аткезчилик жүктүн өткөрүлүшүнө бөгөт коюлду
14.12.2023
Чек арачылар адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты
19.12.2023

2023-жылдын 19-декабрында Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары чоң өлчөмдөгү  ири мүйүздүү жандыктардын жана жылкылардын чек арадан  мыйзамсыз өткөрүлүшүнө бөгөт коюшту.

2023-жылдын 19-декабрында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Там жергесинде кызмат өтөө учурунда чек арачылар бир нече белгисиз адамдар ИМЖ жана жылкылардын үйүрүн  Кыргызстандан Өзбекстанга чек арадан айдап өтүүгө аракет кылып жатышканын байкашкан.

 Чек арачыларды көргөн белгисиз адамдар Кыргызстандын аймагына жашынып качып кетишкен.

Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары 57 ири мүйүздүү жандыгын жана 41 жылкыны кармашкан.

Алдын ала иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кармалган ИМЖ жана жылкылар чек арадан айдалып өтүүгө аракет кылынганга чейин жергиликтүү тургундун мал сарайында кармалып тургандыгы аныкталган.

Аткезчилик ИМЖ жана жылкылардын жалпы баасы болжол менен 4 000 000 сомду түзөт.  

Учурда аткезчилер жана алардын шериктештери изделип,  ИМЖ жана жылкылардын ээлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

***** ***** ***** ***** *****

19 декабря 2023 г. пограничники  Ала-Букинского пограничного отряда пресекли попытку незаконного перегона большого количества крупнорогатого скота и лошадей через границу.

Так, 19 декабря 2023 г. во время несения службы в местности Ак-Там Аксыйского района Джалал-Абадской области пограничники  заметили несколько неизвестных лиц, которые пытались перегнать  через госграницу из Кыргызстана в Узбекистан стадо КРС и табун лошадей.

Увидев пограничников, неизвестные лица скрылись на территории Кыргызстана.

Пограничники Ала-Букинского пограничного отряда задержали 57 голов крупнорогатого скота (КРС) и 41 лошадь.

Как выяснилось в ходе предварительного расследования, задержанные КРС и лошади  до попытки перегона содержались на ферме у местного жителя.

Общая стоимость контрабандных КРС и лошадей составляет  около 4 000 000 сомов.

В настоящее время ведутся поиски контрабандистов и их пособников,  проводятся мероприятия по установлению хозяев КРС и лошадей.

Комментарии закрыты.