Чек арачылар адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты

Өзбекстан менен чектешкен чек арада 4 000 000 сомго бааланган ИМЖ жана жылкылар кармалды
19.12.2023
Тажикстан менен чектешкен чек арада 2 млн. сомдук аткезчилик жүк кармалды
26.12.2023

2023-жылдын 18-декабрында КР УКМК ЧК Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары кылмышкерди кармоого көмөк көрсөтүштү.

Милициянын кызматкерлеринен адамды өлтүргөнгө шектүү делген Өзбекстан Республикасынын  жараны Сузак районунун аймагында жашынууда деген маалымат келип түшкөн.

Өз ара аракеттенүү планына ылайык чек арачылар компетенттүү органдардын кызматкерлери менен биргеликте аймакты тинтүү иш-чараларды жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө Найман айылына жакын жерден кылмышка шектүү адам кармалган. Тийиштүү документтер толтурулган соң Өзбекстан Республикасынын Б.А., аттуу кармалган жараны Кадамжай районунун РИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

18 декабря 2023 г. пограничники управления ПС ГКНБ КР по Джалал-Абадской области оказали содействие в задержании преступника.

От сотрудников милиции поступила информация, что на территории Сузакского района скрывается гражданин Республики Узбекистан,  обвиняемый в убийстве человека.

Согласно плану взаимодействия пограничники совместно с сотрудниками компетентных органов  провели мероприятия по зачистке местности, в ходе которой вблизи с. Найман преступник был задержан.

После оформления соответствующих документов задержанный гражданин Республики Узбекистан Б.А. передан сотрудникам РОВД Кадамжайского района.

Комментарии закрыты.