Өзбекстан менен чектешкен чек арада Кыргызстандын чек арачылары аткезчиликке бөгөт коюшту

КЭР чектешкен чек арадагы өткөрүү жайларынын майрам күндөрүндөгү иштөө режими
28.12.2023
Казакстан менен чектешкен чек арада 3 млн. сомдон ашуун суммага бааланган жүк кармалды
11.01.2024

2024-жылдын 07-январында Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары жылкыларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Там жергесинде чек арачылар К. уулу А. аттуу 1999-ж.т. Сөгөт айылынын тургунун кармашкан. Кыргызстандын жараны үч жылкыны Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган.

Ага чейин бир күн мурун Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноошкен жергесинде мамлекеттик чек ара сызыгынан Өзбекстандан Кыргызстанга чек араны кесип өткөн белгисиз жаранды чек арачылар байкашкан.

Мамлекеттик чек араны бузуучуну кармоо учурунда чек ара кезмети ал жаран таштап кеткен эки баштыктагы дарыларды табышкан. Эркек адам Кыргызстандын аймагына жашырынып кеткенге жетишкен.  Учурда аткезчини издөө уланууда.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, аткезчилик менен алынып өтүүгө аракет кылынган жаныбарлар менен дарылардын жалпы суммасы болжол менен 700 000 сомдон ашуун экени аныкталды.

***** ****** ***** ***** *****

07 января 2024 г. пограничники  Ала-Букинского пограничного отряда пресекли попытку незаконного перегона лошадей через границу.

В местности Ак-Там Аксыйского района Джалал-Абадской области пограничники задержали жителя с. Согот  К. уулу А., 1999 г.р.  Гражданин Кыргызстана пытался нелегально перегнать трех лошадей из Кыргызстана в Узбекистан.

Днем ранее в местности Ноошкен Ноокенского района Джалал-Абадской области пограничники заметили на линии госграницы неизвестного гражданина, который незаконно пересек границу из Узбекистана в Кыргызстан.

В ходе задержания нарушителя госграницы пограничный наряд обнаружил брошенные им две сумки, в которых обнаружены лекарственные препараты. Сам мужчина смог скрыться на территории Кыргызстана. В настоящее время продолжаются поиски контрабандиста.

По предварительным данным, общая стоимость контрабандных животных и лекарственных средств составила более 700 000 сомов.

Комментарии закрыты.