Казакстан менен чектешкен чек арада 3 млн. сомдон ашуун суммага бааланган жүк кармалды

Өзбекстан менен чектешкен чек арада Кыргызстандын чек арачылары аткезчиликке бөгөт коюшту
08.01.2024
Өзбекстан менен чектешкен чек арада насвай жана дары кармалды
12.01.2024

2024-жылдын 09-январында “Чоң-Капка-автожол” көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары УКМКнын Талас облусу боюнча тарамынын кызматкерлери менен биргеликте кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан эсепке алынбаган жүктүн  алынып өтүшүнө бөгөт коюшту.

VOLVO маркасындагы жүк ташуучу унаанын айдоочусу “Чоң-Капка-автожол” КӨЖ келип чек арачыларга 500 даана эсебиндеги бош газ баллонго жол баракчасын көрсөткөн.

Бирок  документте көрсөтүлгөн маалыматтын айкын экендиги чек ара кезметине шек жаратып, атайын текшерүү жүргүзүү учурунда 1105 бош газ баллондор бар экендиги, анын ичинен 605 жол баракчасында көрсөтүлбөгөндүгү аныкталган.

Айдоочу – 1969-ж.т. М.И., аттуу Кыргызстандын жараны ЕАЭБ ички чек арасында жүктөрдү жана товарларды ташуунун эрежелерин бузуу менен жүктү Казакстандан Кыргызстанга алып кирүүгө аракет кылган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык,  жол баракчасында көрсөтүлбөгөн 605 даана газ баллондун орточо базар баасы 3 025 000 сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган айдоочу жана жүк  андан аркы териштирүү иштери үчүн УКМК аймактык тарамынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

09 января 2024 г. пограничники контрольно-пропускного пункта «Чон-Капка-автодорожный» совместно с сотрудниками ГКНБ по Таласской области пресекли попытку провоза неучтенного груза через кыргызско-казахстанскую госграницу.

Водитель грузовой автомашины марки VOLVO, прибыв в пункт пропуска «Чон-Капка-автодорожный», предъявил пограничникам товарно-транспортную накладную на пустые газовые баллоны в количестве 500 штук.

Однако у пограничного наряда возникли сомнения в достоверности информации, указанной в документе, и в ходе спецдосмотра пограничники выявили 1105 штук пустых газовых баллонов, из которых 605 баллонов не были указаны в накладной.

Водитель -гражданин Кыргызстана М.И., 1969 г.р., пытался ввезти груз из Казахстана в Кыргызстан, нарушив при этом правила перемещения грузов и товаров на внутренней границе ЕАЭС.

По предварительным данным, среднерыночная стоимость 605 штук газовых баллонов, не указанных в накладной, составляет около 3 025 000 сомов.

После оформления соответствующих документов задержанный водитель и груз переданы сотрудникам территориального подразделения ГКНБ КР для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.