Өзбекстан менен чектешкен чек арада насвай жана дары кармалды

Казакстан менен чектешкен чек арада 3 млн. сомдон ашуун суммага бааланган жүк кармалды
11.01.2024
Жасалма паспорт көрсөткөн жаран кармалды
18.01.2024

Чек арачылар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде аткезчилик жүктү алып өтүүнүн  бир нече аракетине бөгөт коюшту.

2024-жылдын 10-январында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар жергесинде Ала-Бука чек ара отрядынын чек ара кезмети мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде белгисиз адамды байкаган.

Чек арачылар жакындаганда ал адам Кыргызстандын аймагына жашырынып кеткен.

Аймакты карап чыгууда  аскер кызматчылар дары-дармектер салынган беш куту табышкан.

Ар бир кутуда  100дөн  даана “Цинепар” дарысы болгон.

Кечээ, 2024-жылдын 11-январында, Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз түрдө тамеки алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын эки жаранын кармашкан.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Галча айылында Ford Transit үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө чек арачылар 1700 кг. насвай табышкан.

Сурамжылоо учурунда Баткен шаарынын тургундары 1980-ж.т. Ш.С., жана 1980-ж.т. И.Ы., Чоң-Гара анклавынан (ӨР) чыгышкандыгы аныкталган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, аткезчилик дары-дармектер менен тамекинин жалпы баасы 300 000 сомдон ашат.

Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчилик жүктөр жана кармалган жарандар андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.   

***** ***** ***** ***** *****

На кыргызско-узбекском участке государственной границы пограничники пресекли несколько попыток контрабандного провоза грузов.

Так, 10 января 2024 г. в местности  Жаны-Шаар  Ала-Букинского района Джалал-Абадской области пограничный наряд Ала-Букинского пограничного отряда заметил неизвестное лицо вблизи линии госграницы.

При приближении пограничников мужчина скрылся на территории Кыргызстана.

В ходе досмотра местности военнослужащие обнаружили пять коробок с медикаментами.

В каждой коробке было по 100 штук лекарственного препарата «Цинепар».

Вчера, 11 января 2024 г., пограничники Айдаркенского пограничного отряда задержали двух граждан Кыргызстана, которые пытались незаконно провезти через кыргызско-узбекскую госграницу табачные изделия.

В с. Галча Кадамжайского района Баткенской области при досмотре автомашины Ford Transit пограничники обнаружили табачные изделия — 1700 кг насвая.

В ходе опроса выяснилось, что  уроженцы г. Баткен Ш.С., 1980 г.р., и И.Ы., 1980 г.р., выехали из анклава Чон-Гара (РУз).

По предварительным данным, общая стоимость контрабандных лекарственных препаратов и табачных изделий составляет более 300 000 сомов.

После оформления соответствующих документов контрабандные грузы и задержанные граждане переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.