Чек арада 1,5 млн. сомдук аткезчилик жүк кармалды

Жасалма паспорт көрсөткөн жаран кармалды
18.01.2024
Тажикстан Республикасы менен чектешкен чек арада аткезчилик жүк кармалды
31.01.2024

2024-жылдын 24-январында чек арачылар мамлекеттик чек арадан аткезчилик жүктү алып өтүү бир нече аракетине бөгөт коюшту.

КР ФМ алдындагы МБК аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары VOLVO-500 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашып, анын айдоочусунда жүктү коштогон  жалган электрондук  документ болгондугун аныкташкан.

Жасалма коштомо баракты пайдаланып 2004-ж.т. А.у.А., аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын тургуну 7 тонна жемиш өсүмдүгүн – анарды Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас-Достук унаажолунда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган 1993-ж.т., Г.М., аттуу  Лейлек районунун  Жаштык айылынын тургунун кармашкан.

MERCEDES-BENZ үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүдө чек ара кезмети 3500 кг. “Миф” кир жуугуч порошогун табышкан. Айдоочуда алып бараткан жүгүнө тийиштүү документтер болгон эмес.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, аткезчилик анарлардын жана кир жуугуч порошоктордун баасы болжол менен 1 500 000 сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчилик жүктөр жана кармалган жарандар андан аркы териштирүүлөр үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

24 января 2024 г. пограничники  пресекли несколько попыток провоза контрабандных грузов через госграницу.

Пограничники Айдаркенского пограничного отряда совместно с сотрудниками территориального подразделения  ГТС при МФ КР задержали  грузовую автомашину марки VOLVO-500, у водителя которой был выявлен фальшивый  электронный документ на груз.

Используя поддельную накладную, житель с. Арпа-Сай Кадамжайского района Баткенской области А.у.А., 2004 г.р., пытался незаконно ввезти из Узбекистана в Кыргызстан 7 тонн плодовых растений – гранат.

На кыргызско-таджикском участке границы на автодороге Мурас-Достук в Лейлекском районе Баткенской области пограничники Лейлекского пограничного отряда  задержали жителя с. Жаштык Лейлекского района Г.М.,1993 г.р., за попытку незаконного провоза груза из Кыргызстана в Таджикистан. 

В ходе досмотра его автомашины марки MERCEDES-BENZ пограничный наряд обнаружил 3500 кг. стирального порошка «Миф». У водителя отсутствовали соответствующие документы на провозимый груз.

По предварительным данным, общая стоимость контрабандных гранат и стирального порошка составляет около 1 500 000 сомов.

После оформления соответствующих документов контрабандные грузы и  задержанные граждане переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.