Тажикстан Республикасы менен чектешкен чек арада аткезчилик жүк кармалды

Чек арада 1,5 млн. сомдук аткезчилик жүк кармалды
24.01.2024
Кытай менен чектешкен чек ара убактылуу жабылат
08.02.2024

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде аткезчилик жүктөр кармалды.

Кечээ, 2024-жылдын 30-январында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары УКМК аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Байзак-Сай жергесинде MERCEDES-BENZ Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушканда анда жалпы салмагы 900 кг. түзгөн 18 кап күрүч табылган.

1999-ж.т., К.А., жана  2001-ж.т.,С.Ф., аттуу Кыргызстандын жарандары азык-түлүктү Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан.

Аларда алып бараткан жүккө тийиштүү документтер болгон эмес.

Ушул эле күнү Лейлек районундагы Мурас-Достук унаа жолунда чек арачылар УКМК аймактык тарамынын кызматкерлери менен болгон кош аракеттин негизинде мамлекеттик чек арадан жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

OPEL ZAFIRA үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 100 кутудан ашык энергетикалык суусундуктар табылган. Ар бир кутунун ичинде 24 банка алкоголсуз суусундуктары болгон.

1986-ж.т., Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну тийиштүү документтери жок жүктү Кыргызстандан Тажикстанга алып чыгууга аракет кылган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз алынып бараткан аткезчилик жүктөрдүн жалпы суммасы болжол менен 300 000 сомдон ашат.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

На кыргызско-таджикском участке государственной границе задержаны контрабандные грузы.

Вчера, 30 января 2024 г., на кыргызско-таджикском участке госграницы пограничники Лейлекского пограничного отряда совместно с сотрудниками территориального подразделения ГКНБ в местности Байзак-Сай Лейлекского района остановили автомашину марки MERCEDES-BENZ Sprinter, в которой были обнаружены 18 мешков риса общим весом 900 кг.

Граждане Кыргызстана К.А., 1999 г.р., и С.Ф.,2001 г.р., пытались незаконно провезти продовольствие из Таджикистана в Кыргызстан.

При этом у них отсутствовали соответствующие документы на провозимый груз.

В этот же день на автодороге Мурас-Достук в Лейлекском районе пограничники во взаимодействии с сотрудниками территориального подразделения ГКНБ  задержали гражданина Кыргызстана за попытку незаконного провоза груза через госграницу. 

В ходе досмотра автомашины марки  OPEL ZAFIRA были обнаружены более 100 коробок с энергетическими напитками. В каждой коробке находились по 24 банки напитков. 

Житель с. Жаштык Лейлекского района  Т.Э., 1986 г.р., пытался вывезти груз без соответствующих документов из Кыргызстана в Таджикистан.

По предварительным данным, общая стоимость незаконно провозимых грузов составила более 300 000 сомов.

После оформления соответствующих документов задержанные граждане и контрабандные грузы переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.