Өзбекстан менен чектешкен чек арада аткезчилик жүк кармалды

Информация для абитуриентов!
20.02.2024
«Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн
05.03.2024

2024-жылдын 27-февралында КР УКМК Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары Кыргызстандан Өзбекстанга аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюшту.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Шалпай айылына жакын жерде Нарын дарыясы менен үйлөмө кайыкта Өзбекстандан Кыргызстанга бара жаткан белгисиз адамдарды чек арачылар байкашкан.

Артынан ээрчип барган чек арачылар алардын шериктештерин – үйдүн короосунда  мамлекеттик чек араны бузуучуларды күтүп турган Кыргызстандын дагы эки жаранын көрүшкөн. 

Ал жакта кыргызстандыктар 49 даана сыналгы жана 3 үйлөмө кайык аткезчилик  жүгү жүктөлгөн Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны даярдап коюшкан. Товар жүктөлгөн унааны мамлекеттик чек араны бузуучулар Кыргызстандан Өзбекстанга чыгарып кетүүнү пландаштырышкан.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, аткезчилик жүк болжол менен 900 000 сомго бааланган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң  кармалгандар жана аткезчилик жүк мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

***** ***** ***** ***** *****

27 февраля 2024 г. пограничники управления Пограничной службы ГКНБ КР по Джалал-Абадской области пресекли попытку провоза контрабандного груза из Кыргызстана в Узбекистан.  

Недалеко от с. Шалпай Аксыйского района Джалал-Абадской области пограничники заметили двух неизвестных лиц, которые на надувной лодке направлялись через реку Нарын из Узбекистана в Кыргызстан. 

Проследив за ними, пограничники выявили их подельников – еще двух граждан Кыргызстана, которые ожидали нарушителей госграницы во дворе одного из домов.

Там кыргызстанцы подготовили автомашину марки Hyundai Porter с загруженным контрабандным грузом — 49 штук телевизоров и 3 надувные лодки. Машину с товаром нарушители госграницы планировали вывезти из Кыргызстана в Узбекистан.

По предварительным данным, общая стоимость контрабандного груза составила около 900 000 сомов.

После оформления соответствующих документов задержанные и контрабандный груз переданы сотрудникам компетентных органов для дальнейшего разбирательства.

Комментарии закрыты.