«Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн

Өзбекстан менен чектешкен чек арада аткезчилик жүк кармалды
27.02.2024
КӨЖда жүк ташуучу унаалардын топтолуусу
14.03.2024

«Кыргызтелеком» ААК байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча профилактикалык жумуштарды өткөрөөрүнө байланыштуу 2024-жылдын 06-мартында   саат 09.00дон 14.00го чейинки мезгил аралыгында «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл өткөрүү жайында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан  башка чек ара өтмөктөрү  штаттык режимде иштейт.

Эскерте кетсек, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төмөнкү көзөмөл өткөрүү жайлары жайгашкан:

— Чүй облусунда: «Токмок-автожол», «Кен-Булуң-автожол», «Ак-Тилек-автожол», «Чалдыбар-автожол»;

— Талас облусунда: «Чоң-Капка-автожол».

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан жол жүрүү багытын жана убактыларын алдын ала пландаштырып алууларын суранат.

***** ***** ***** ***** *****

В связи с ремонтно-восстановительными работами по профилактике сетей ОАО «Кыргызтелеком» 6 марта 2024 г. в период с 09:00 до 14:00 на КПП «Ак-Тилек-автодорожный» возможны временные перерывы в пропуске лиц, транспортных средств и грузов.

Другие пограничные переходы, расположенные на кыргызско-казахстанском участке государственной границы, функционируют в штатном режиме.

Напоминаем, что на кыргызско-казахстанском участке государственной границы расположены следующие КПП:

-в Чуйской области: «Токмок-автодорожный», «Кен-Булун-автодорожный»,  «Ак-Тилек-автодорожный», «Чалдыбар-автодорожный»;

-в Таласской области: «Чон-Капка-автодорожный».

Пограничная служба ГКНБ Кыргызской Республики просит граждан, пересекающих госграницу, заранее планировать время и маршруты движения.

Комментарии закрыты.