Чүй облусунда чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды

Кыргызстан жана Өзбекстан чек арада шарт түзүшүүдө
08.09.2023
Баткен облусунда чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды
15.09.2023

2023-жылдын 12-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында КР УКМК ЧК 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи өттү.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.З.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.  

Иш-чарада сөз сүйлөгөн генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

“Мекен чегинин сакчыларынын социалдык көйгөйлөрүн  чечүү маселеси   ар дайым Кыргызстандын Президентинин көңүл борборунда, ошондой эле аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсү үчүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга жалпы өлкө жетекчилиги тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлүп келүүдө. Ага бүгүнкү иш-чара айкын мисал болуп турат”, — деп белгиледи генерал-лейтенант К. Ташиев.

Көптөн күткөн жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрү алышты.

Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.

Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 м2түзөт.

Үй жеке долбоор менен курулган.

******************

12 сентября 2023 г. в с. Новопокровка Иссык-Атинского района Чуйской области состоялась тожественная церемония вручения ключей от квартир военнослужащим войсковых частей 2026 и 2031 ПС ГКНБ КР.

В мероприятии приняли участие заместитель председателя Кабинета министров — председатель ГКНБ Кыргызской Республики генерал-лейтенант К.К.Ташиев, директор Пограничной службы ГКНБ генерал-майор  У.З.Шаршеев, представители Полномочного представительства Президента КР в Чуйской области, правоохранительных и силовых структур, командование и личный состав  войсковых частей, семьи военнослужащих и ветераны Пограничной службы.

Четырехэтажный дом построен на территории военного городка. Строительство 36-квартирного дома  производилось из средств республиканского бюджета.

Выступая на мероприятии,  генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев подчеркнул необходимость реализации комплекса мероприятий по укреплению государственной границы, повышению уровня пограничной безопасности страны и региона в целом.

«Решение социальных вопросов стражей границы всегда будет оставаться в фокусе внимания президента  Кыргызстана и в целом всего руководства страны, которое принимает необходимые меры по улучшению условий службы и быта военнослужащих и их семей. Ярким примером тому является сегодняшнее мероприятие», — отметил  генерал-лейтенант К. Ташиев.

Долгожданные ключи от новых квартир получили 36 семей военнослужащих.

В новом жилом комплексе для них предусмотрены  отдельная котельная со складом для хранения угля, детская площадка и автопарковка.

Средняя площадь квартир в доме  составляет 62 — 87 м2.

Сам дом построен по индивидуальному проекту.

Комментарии закрыты.