Баткен облусунда чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды

Чүй облусунда чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды
12.09.2023
Курман болгондорду эскерүү күнү
16.09.2023

2023-жылдын 14-сентябрында Баткен облусунда 2021 жана 2022 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи өттү.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.З.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында «Кулунду» чек ара заставасынын комплексинин курулушу аягына чыгарылып, офицердик курамга каралган үй жана казармалык жайлар толук реконструкцияланган. Бүгүн чек арачылардын үй-бүлөлөрү эки жана үч бөлмөлүү бардык шарты каралган  батирлердин ээлери болушту.

Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Күл айылында да чек арачыларга кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. Эксплуатацияга 48 батирлүү турак-жай  берилди. Бул объект өзүнө аянты болжол менен 300м2 болгон цоколдук кабатты камтып, анда спорт зал жана балдарды кошумча окутууга мүмкүн боло турчу жайлар каралган.

Кызматтык батирлер зарыл болгон тиричилик техникалары менен жабдууланып, заманбап оңдоп-түзөөлөр жүргөн. 

Кулунду жана Төрт-Күл айылдарындагы объекттердин курулушу республикалык бюджеттен каржыланган.  

Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө ачкычтарды тапшырып жатып ар бир аскер кызматчынын кызматы маанилүү экендигин баса белгиледи.

«Эл силерге мамлекеттин коопсуздугун жана бүтүндүгүн табыштады. Баткен облусунда гана эмес, Кыргызстанда жана,  дегеле, Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтык жана жай турмуш силердин ар бириңерден көз каранды. Ошону менен катар мамлекет жетекчилиги силерден кынтыксыз кызмат кылууну гана талап кылбастан, чек арачылардын социалдык маселелеринин өз убагында жана сапаттуу чечилишине өзгөчө маани берүүдө» — деп белгиледи генерал-лейтенант К. Ташиев.

Учурда аскердик бөлүктүн аймагында дагы бир турак-жайдын курулушу жүрүүдө, аны эксплуатацияга киргизүү келерки жылдын биринчи кварталына пландаштырылууда.

***** ***** *****

14 сентября 2023 г. в Баткенской области состоялась торжественная церемония вручения ключей от квартир военнослужащим войсковых частей 2021 и 2022. 

В мероприятиях приняли участие заместитель председателя Кабинета министров — председатель ГКНБ Кыргызской Республики генерал-лейтенант К.К.Ташиев, директор Пограничной службы ГКНБ генерал-майор  У.З.Шаршеев, представители Полномочного представительства Президента КР в Баткенской области, правоохранительных и силовых структур, командование и личный состав  войсковых частей, семьи военнослужащих и ветераны Пограничной службы.

В с. Кулунду Лейлекского района Баткенской области было завершено строительство комплекса пограничной заставы «Кулунду», проведена полная реконструкция дома офицерского состава и казарменных помещений.

Сегодня семьи пограничников стали обладателями 2-х и 3-х комнатных благоустроенных квартир.

В с. Торт-Куль Баткенского района Баткенской области пограничникам также вручили ключи от служебных квартир. В эксплуатацию сдан 48-ми квартирный  жилой дом. Данный объект включает в себя также цокольный этаж общей площадью около 300 м2, в котором предусмотрен спортивный зал, а также помещения для дополнительного обучения детей.

Служебные квартиры оборудованы необходимой бытовой техникой, в них сделан современный ремонт.

Финансирование строительства объектов в селах Кулунду и Торт-Куль осуществлялось из средств республиканского бюджета.

Вручая ключи семьям пограничников, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев особо подчеркнул значимость службы каждого военнослужащего. “Народ доверил вам безопасность и целостность нашего государства. От каждого из вас  зависят мир и спокойствие как Баткенской области, так Кыргызстана и Центрально-Азиатского региона в целом. При этом руководство государства не только требует от вас безупречной службы, но и придает особое внимание своевременному и качественному решению социальных вопросов пограничников”, — отметил генерал-лейтенант К. Ташиев.

На территории войсковой части 2022 в настоящее время продолжается строительство еще одного жилого дома, который планируется ввести в эксплуатацию в первом квартале следующего года.

Комментарии закрыты.