Курман болгондорду эскерүү күнү

Баткен облусунда чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды
15.09.2023
Жылкылардын жана бодо малдын үйүрү Казакстанга жакын чек арада кармалды
19.09.2023

2023-жылдын 16-сентябрында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын бир жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Курман болгондорду эскерүүгө күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери жана Кыргыз Республикасын УКМК Чек ара кызматынын  өздүк курамы келди.

Митинг-реквием баатыр-чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталды.  Каза болгон жоокерлерге багыштап куран окулду. Иш-чаранын катышуучулары аларды бир мүнөткө унчукпай туруп эскеришти.  Митинг-реквиемде сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев эр жүрөк жана тайманбас азаматтарды тарбиялаган ата-энелерге терең ыраазычылык билдирди.  «Өз өмүрүн курмандыкка чалып мамлекетибиздин чек арасын коргогон баатыр-чек арачыларга терең таазим.  Алардын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болуп саналат. Ар бир эле адам баатыр боло албайт . Ал үчүн тайманбас,  эр жүрөк жана Мекенди чексиз сүйүү керек», — деп белгиледи генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев. 

Бир жыл мурун,  2022-жылдын 16-сентябрында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кагылышууда 51 аскер кызматчылары курман болгон, алардын 42си чек арачылар эле.

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоого өз өмүрүн курмандыкка чалган бардык аскер кызматчыларынын эстутумун түбөлүккө калтыруу максатында төрт чек арачы — танк экипажынын үч мүчөсү  жана лейтенант Д.  Анарбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жерге берилген. 

Каза болгон аскер кызматчыларына  коюла турчу эстеликтин эскиздеринин долбоорлору иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлдү.  Эстеликти тургузуу иши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги алектенет. 

Белгилей кетсек, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ушул кезге чейин ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келди жана мындан ары да көрсөтүлөт.  Аларга улуттук  мыйзам чегинде каралган  камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилген жана турак-жайлар берилген. 

Мындай митинг-реквиемдер Кыргызстандын бардык облустук чек ара башкармалыктарында өткөрүлдү.

***** ***** *****

16 сентября 2023 г. в мемориальном комплексе «Ата-Бейит» состоялся митинг-реквием, посвященный годовщине событий на кыргызско-таджикском участке государственной границы в сентябре 2022 г.

Почтить память павших прибыли руководители силовых и правоохранительных структур и личный состав Пограничной службы ГКНБ Кыргызской Республики.

Митинг-реквием начался с возложения венков к могиле героев-пограничников. По погибшим воинам была прочитана молитва. Участники мероприятия почтили их память минутой молчания.

Выступая  на митинге-реквиеме заместитель председателя Кабинета министров — председатель ГКНБ Кыргызской Республики генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев выразил глубокую благодарность родителям за воспитание стойких и мужественных бойцов.

«Низкий поклон героям-пограничникам, которые ценой своей жизни защитили рубежи нашего государства. Их героический поступок является ярким примером для подражания подрастающему поколению. Не каждый может быть героем. Для этого нужно иметь стойкий дух, отважное сердце и безграничную любовь к Родине», — отметил генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев.

Год назад, 16 сентября 2022 г., во время боестолкновений на кыргызско-таджикском участке государственной границы погиб 51 военнослужащий, из них 42 пограничника.

В целях увековечивания памяти всех военнослужащих, отдавших свои жизни за сохранение территориальной целостности Кыргызстана, четверо пограничников – трое членов танкового экипажа и лейтенант Д.Анарбеков были похоронены в мемориальном комплексе «Ата-Бейит».

Участникам мероприятия также представили  проекты эскизов памятника погибшим военнослужащим. Возведением памятника будет заниматься министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики.

Необходимо отметить, что в течение всего времени семьям погибших оказывалась и будет оказываться всесторонняя поддержка.

Им выплачены страховые суммы, предусмотренные национальным законодательством, и выделено жилье.

Подобные митинги-реквиемы были проведены во всех областных пограничных управлениях Кыргызстана.

Комментарии закрыты.